Menu

Өзбекстанда сум девальвацияланды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Борбордук банкы 1 АКШ долларынын курсун улуттук валютага карата 8100 сум деңгээлинде бекитти. Бул өткөн аптага караганда 3889,65 сумга жогору.

Борбордук банк сумду башка чет өлкөлүк валюталарга карата дагы девальвациялады.

Өзбекстан президенти 2-сентябрда валюта саясатын либералдаштыруу боюнча жарлык чыгаргандан бери сумдун куну кескин төмөндөдү. Өлкөдө улуттук валюта көп жылдан бери алгач ирет девальвация болууда.

Ушул эле жарлыкка ылайык, 5-сентябрдан тарта өлкө жарандары акча алмаштыруу жайларында чет өлкөлүк валюталарды тоскоолдуксуз сатуу-алуу укугуна ээ болушат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: