Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынын башын бириктирген уюмдун жылдык саммитинде алгач ирет Пакистанда жайгашкан согушчан топтор коопсуздук үчүн аймактык маселе катары каралып, алардын колдоочуларын жоопкерчиликке тартууга үндөштү.
БРИКС саммитиндеги билдирүү Ооганстандагы зомбулуктарды токтотуу чакырыгын дагы камтыйт.
“Биз карапайым ооган жарандарынын өмүрүн кыйган террордук чабуулдарды кескин айыптайбыз”,- деп айтылат БРИКС саммитинин лидерлеринин билдирүүсүндө. Буга байланыштуу аймакта “Талибан” кыймылы “Ислам мамлекети” тобу, “Аль-Каида” жана анын Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы сыяктуу түзүмдөрү, Өзбекстан Ислам кыймылы, “Хаккани” түйүндөрү, “Лашкар-э-Тайба”, “Жаиш-э-Мохаммад” жана “Хизб-ут-Тахрир” уюмдарынын жасап жаткан зомбулук иштерине тынчсызданууларын билдиришти.
Индиянын тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү БРИКС документтеринде биринчи жолу согушчан топтордун тизмеси түзүлгөнүн жана бул терроризм менен күрөшүүдөгү өтө маанилүү кадам экенин айтты.
“Лашкар-э-Тайба” – бул Пакистанда жайгашкан согушчан топ. Индия аны чек арадагы кол салууларга, анын ичинде 2008-жылы Мумбайда 166 адамдын өмүрүн алган сокку үчүн күнөөлөп келет. “Жаиш-э-Мохаммад” – дагы Пакистанда орун алган антииндиялык топ, ал 2001-жылы парламентке жасалган чабуул үчүн айыпталган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ