БШК президенттикке ат салышмакчы болуп ээликкендерди электен өткөргөндү токтото элек. Учурда 7 талапкер гана шайлоого катышууга расмий укук алды. Таалатбек Масадыков, Камчыбек Ташиев жана Улукбек Кочкоровдун тапшырган колдору текшерилип бүтүп, тастыкталды. Эми күрөөлөрүн төксө эле мандат берилет. Ал эми экинчи Мадумаров болчу түрү бар, Темирбек Асанбековдун топтогон 33 миң 461 колдун 22 миң 560 колу жараксыз деп табылды. Дагы бир талапкер Кубан Чороевдин 22 миң колу жараксыз болгону маалым болду. Демек, экөө тең жарыштан четтей турган болушту. Кезекте ушундай тагдыр күткөндөр ондоп саналат…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ