Кечээ Жогорку Кеңештин жайкы эс алуудан кийинки биринчи иш күнү башталды. Бул күнү ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттери чек ара маселесин жабык эшик артында карашты.
Белгилей кетсек 6-сентябрда өлкөгө Өзбекстан президенти Шавкад Мирзиеевдин келээри күтүлүүдө. Мүмкүн ошол себептен жабык эшик артында чек ара маселесин чече салалы деп жатышабы же башка бир мандем барбы ким билсин, айтор ММК өкүлдөрүн сыртта калтырды.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ