Menu

Мамлекеттик объекттер кайтарыла баштады, бирок…

Бөлүшүү:

Эсептөө палатасы жакында ар кандай субъектилерге ар кандай мөөнөттөрдө ижарага берилген мамлекеттик жайларды текшерип чыгып, алардын басымдуу көпчүлүгү натыйжасыз пайдаланылып жаткандыгын аныктады. Алардын көпчүлүгүнүн ижара акылары алгач ижарага берилгенден же 15-20 жылдан бери кайра каралган эмес. Анын үстүнө айрым бюджетке же эл чарбасына сезилерлик пайда келтирбеген коомдук уюмдар, борборлор бир нече кабаттан турган жайларды дүңүнөн ижарага алышып, анан алардын жарымын өкмөттүк эмес уюмдарга кайра ижарага берип пайда тапканга кынык алышкан. Алсак, республикалык “Бейиш” аттуу элдик медициналык борбор Чүй проспектисиндеги 3 кабат имаратты ижарага алгандыгына 15 жылдан ашты. Ал азыр атын өзгөртүп, Салттуу эксперименталдык медицинанын эл аралык академиясы деп аталганы менен элге эмне жардам кылып жаткандыгы белгисиз. Ал көп жылдардан бери бюджетке эч кандай ижара акы төлөбөйт да экен. Бирок ага карабастан ал академия үч кабат имараттын көбүн башка субъектилерге ижарага берип, ири суммада пайда таап жатыптыр. Анын пайдасы бюджетке түшсө же андай жайлар мамлекеттик жана муниципалдык органдарга берилсе болбойт беле? Анын үстүнө андай жайлар көп жылдардан бери ремонттолбогондуктан, жакшылап каралбагандыктан тозуп, коммуналдык системалары да иштен чыга баштаптыр. Алсак, он жылга жакын убакыттан бери жогоруда аталган жайдын жылуулук системасы иштебейт. Дубалдарынын ичи урап түшө баштаган.

Эсептөө палатасынын сунушу менен андай бирөөлөрдүн жекече кызыкчылыктары үчүн иштеп жаткан мамлекеттик жайларды кайтарып алуу иштери башталды. Ал туура деңизчи. Бирок аларды өз менчигиндей пайдаланып жаткандар ар кай жактардан колдоочуларды издешип, аябагандай каршылык көрсөтүп жатышкандыктарын кантебиз?..

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: