Menu

Кыргызстан муфтийи Татарстандагы Ислам Болгар академиясынын салтанаттуу ачылышына катышты

Бөлүшүү:

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Татарстан Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында Татарстандагы Ислам Болгар академиясынын салтанаттуу ачылыш саамалыгына катышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарага Орусия Федерациясынын жетекчилиги, Татарстандын президенти, өкмөт өкүлдөрү, шаар мэрлери, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс ажы Ибарев, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин жардамчысы Улан ажы Ибраев жана алыскы-жакынкы мамлекеттерден келген дин аалымдары менен коноктор катышышты.

Саамалыктын алкагында жалпы коноктор академиянын ачылышы билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарын түзүп, Ислам баалуулуктарын жайылтууда салымын кошооруна тилектештерин билдиришти.

Эскерте кетсек, Ислам Болгар академиясы Орусия Мусулмандарынын Диний Башкармасы, Россиянын борбордук мусулмандар диний башкармалыгы жана Татарстан мусулмандар диний башкармалыгынын демилгеси менен түзүлгөн. Ислам Болгар академиясы 1 жыл ичинде курулуп, ушул жылдын август  айында билим берүү кызматтарын көрсөтүү багыты боюнча уруксат барагын алган. Ошондой эле окуу жайга кирүү үчүн алгач жогорку билимге ээ болуп,  араб тилин өздөштүргөн болуузу зарыл. Окуу акысыз жүргүзүлүп, студенттер академияда жатып билим алышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: