Патрулдук милиция кызматкерлери 28-август күнү Бишкек-Торугарт жолунда катталган адам өмүрүн алган жол-транспорттук кырсыктын күбөөлөрүн издейт. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
28-август күнү болжол менен саат 00:40 чамасында Бишкек-Торугарт жолунда чыгыштан батышка келе жаткан белгисиз унаа 60 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Алган жаракатынан жабырлануучу кырсык болгон жерден мерт кеткен. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгы жогорудагы окуя боюнча билген маалыматтар бар болсо же күбөө болуп калсаңыз төмөнкү телефондору аркылуу кайрылууңарды суранат:
Байланыш телефондор: (312) 44-64-22, 102, 0701155701 Жашыруундулук сакталат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ