2017-жылдын 4-сентябрь күнү саат 18:05 чамасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кара-Жал айылында ГАЗ-53 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, кырсыкка учураган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Унаанын ичинде 5 адам болгон. 4 адам эч кандай жаракат алышкан эмес, ал эми 1 адам (1990-жылы туулган И. Д.) каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ