Бишкек шаарында батирлердин биринде аялдын жансыз денеси табылды. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районунда 2017-жылдын 4-сентябрь күнү саат 20:20да КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Элебаев көчөсүндөгү үйдүн жабылып калган эшигин ачып беришкен.
Батирдин ичинде 1956-жылы туулган К. Т. аялдын жансыз денеси табылган. Маркумду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ