Menu

Патрулдук милиция кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин бузуп, изин жашырып качып кетүүгө аракет кылган айдоочуну кармашты

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 4-сентябрь күнү болжол менен саат 18:22 чамасында Бишкек шаарынын Фучик-Манас көчөлөрүнүн кесилишинен Э. А. аттуу жаш өспүрүмдү сүзүп алып, жол-транспорттук кырсык болгон жерден белгисиз айдоочу изин жашырып качып кетүүгө аракет кылган. Бул туурасында ИИМдин ПМББнын Басма сөз кызматы билдирет.

Кырыз Республикасынын ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын иликтөө кызматынын жетекчилиги алдында уюшулган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2004-жылы чыккан “Lexus RX-300” үлгүсүндөгү автоунанын ээси, 32 жаштагы Бишкек шаарынын М.Н. аттуу жашоочусу кармалган. Автоунаасы айып пул төлөө үчүн атайын токтотуучу жайга жеткизилген.

Чогултулган материалдардын негизинде унаанын ээси Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жогорудагы кылмыш ишинин бетин ачууга жардам көрсөткөн Жака аттуу жаранга ыраазычылыгын билдирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: