Menu

ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча Бюросу Миссиясы (БДИПЧ/ОБСЕ) Кыргызстанда өзүнүн Миссиясын ачат

Бөлүшүү:

4-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча Бюросу Миссиясынын Башчысы жана Элчи Александр Кельчевски менен жолугушту.  Бул туурасында КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирет.

Тараптар 2017-жылдын 15-октябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланыштуу ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча Бюросу Миссиясынын Штабынын ишмердиги тууралуу маселени талкуулашты.

Александр Кельчевски алдыдагы мамлекет башчысын шайлоодо эл аралык байкоочу катары чакыргандыгы үчүн  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына ыразычылык билдирди жана Миссиянын башкы милдети эл аралык талапка жооп берген, ЕККУнун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байкоо жүргүзүү болуп саналат деди.

ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча Бюросунун директору  Ингибьёрг Сольрун Гисладоттирдун келиши күтүлүүдө деди элчи. Жалпысынан  Миссиядан  400дөй  эл аралык байкоочулардын  келиши күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: