Menu

Кара-Суудагы шайлоо президенттик шайлоонун “күзгүсү” болдубу?

Бөлүшүү:

Эгер эсиңдерде болсо, мындан бир нече жыл мурда өткөн Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо кызыл кыргын, сары сүргүн менен өтүп, аягы атышуу менен бүткөн болчу. Бирок жыйынтыгында бийликтин көздөй партиясы көп мандатты алып жыгылгандыгын билебиз, Өткөн дем алыш күнү да республикабыздагы эң ири район борборунун шаардык кеңешине шайлоо болду. Бирок бул саясый өнөктүктү чагылдырууга барган НТС каналынын жергиликтүү кабарчылары коркутууга туш болгонун билдиришти. Журналист Гулжан Алтымышбаеванын билдиришинче, шайлоо тилкесинин жанындагы белгисиз адамдар каналдын операторунун ишине тоскоолдук кылып, тартылган тасманы өчүртүүгө аракет кылышкан. “Бул белгисиз адамдар шайлоого келгендерди тизме боюнча тактап, текшерип жатыптыр. Биз барып, ким экенин тактоого аракет кылганда өзүн “домкоммун” деп тааныштырды. Муну көргөн беш-алты адам келип, операторду коркутуп, камераны алууга аракет кылышты”,-деди журналист. ММК өкүлдөрү башынан өткөргөн окуя боюнча ички иштер министрлигине арыз жазышкан. Азырынча негедир эч кандай жооп боло элек. Сыягы, бул окуя бир айдан кийин боло турган президенттик шайлоонун “күзгүсү” болду окшойт. Анткен менен 5-сентябрда көп добуштарды, болгондо да басымдуу бөлүктү баягы эле бийликтин партиясы алгандыгы белгилүү болду…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: