Ташкентте милиция кызматкерлери унаа айдап качкан адамды токтотуу үчүн ок чыгарды. Окуя 5-сентябрь күнү кечинде шаардын борборундагы Мамлекеттик дене тарбия институтунун жанында болду.
Окуяны күбөлөр видеого тартып алышкан. Анда бир нече милиционер ак түстөгү «Спарк» үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет кылып жаткандыгы, ал эми айдоочу укук коргоо органдарынын кызматкерлерине баш ийбей, алдыдагы унааларды сүзүп качып кеткени көрүнүп турат.
– Бир күн мурун автоунаа уурдалгандыгы тууралуу билдирүү болгон. Биз ошол унааны токтотолу дегенбиз, бирок айдоочусу качып кетүүгө аракет кылды. Ошондуктан ок чыгарууга мажбур болдук. Ал кийин унааны жолдо таштап, качып кеткен. Учурда аны издеп жатабыз, – деп билдирди милиция кызматкерлеринин бири.
https://www.youtube.com/watch?v=eDFGCc2eGDo&feature=youtu.be
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ