Menu

Кыргызстан менен Өзбекстан Камбар-Ата ГЭСин чогуу курат

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бул тууралуу 5-сентябрда Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен бир катар документтерге кол койгондон кийин билдирүү жасаган учурда айтты.

«Алмазбек Шаршенович (Атамбаев) бир дагы ГЭС Өзбекстандын катышуусусуз курулбайт деп айтты. Мен ага толук кошулам. Биз ар тараптан: каржы, ресурс жана башка жагынан толук көмөктөшүп, Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз. Анткени, ал бизге керек», – деп билдирди Шавкат Мирзиёев.

Ошондой эле Өзбекстандын президенти тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун жана Ош-Анжиян-Кашгар унаа жолунун курулушун тездетүү боюнча макулдашканын кошумчалады.

Аталган ГЭСтин курулушу көп жылдардан бери кыргыз-өзбек мамилелеринде талаштуу маселе болгон. Өзбекстан ГЭСтерди куруу долбоорлору эл аралык экологиялык экспертизадан өткөрүлүшү керектигин билдирип келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: