Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КР Жогорку Кеңешинин отун энергетикалык- комплекси жана жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында, «Кумтор» кенинин айланасындагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча «Центерра Голд Инк» компаниясы менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу жана экологиялык соттук териштирүүлөрдү жөнгө салуу боюнча маалымат берди. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар толугу менен, Кыргыз Республикасы жана Стокгольм шаарындагы (Швеция) эл аралык арбитраж бири-бири менен экологиялык соттук териштирүүлөрдү чечип бир пикирге келүүгө ниеттенүүдө.
Сүйлөшүлгөн келишимдердин жыйынтыгы боюнча «Центерра Голд Инк» компаниясы жаңыдан түзүлгөн жаратылышты өнүктүрүү Фондуна, айлана чөйрөнү коргоо тармагында иш чараларды өткөрүү үчүн 50 млн. АКШ долларын которууга даяр. Аталган каражат биринчи кезекте Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап суу тазалоочу түтүктөрдү курууга жана модернизациялоого сарпталат.
Мындан сырткары 2009-жылдагы көрсөтүлгөн келишимге ылайык жыл сайын төлөнүүчү каражат 310 миң АКШ долларынын 3 млн. АКШ долларына жетти. «Кумтор Голд Компани» ЖАК буга чейин КР Өкмөтү көз карандысыз эл аралык консультант катары тартылган «AMEC» компаниясы тарабынан коюлган бардык көрсөтмөлөрдү аткарат.
Социалдык өнөктөштүктүн алкагында канадалык инвесторлор Республикалык онкологиялык борборду техникалык модернизациялоодон өткөрүүгө 10 млн. АКШ долларын бөлүүгө даяр.
Калыбына келтирүү Фонддун каражаты Улуу Британиядан Кыргыз Республикасынын каржы мекемелерине жыл сайын 6 млн. АКШ доллары өлчөмүндө кен жабылгандан кийинки калыбына келтирүү багытында иштерди аяктоого (69 млн. АКШ долларынын кем эмес) карата жогорулап турат.
«Центерра Голд Инк» ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы геологиялык чалгындоо иштерине кыргыз тарап менен биргеликте кен иштетүүчү ишканарды түзүү аркылуу жаңы инвестицияларды тартууга даяр экенин билдирди.
Көз карандысыз серепчилердин баамында канадалыктар менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы өлкөдөгү инвестициялык климаттын жакшырышына жана Кыргыз Республикасынын «Центерра Голд Инк» компаниясындагы үлүштөрдүн баасынын көтөрүлүшүнө шарт түзөт.
Эки тараптуу жетишилген сүйлөшүүлөрдү кароонун жана талкуулоонун жыйынтыгында КР Жогорку Кеңешинин отун энергетикалык- комплекс жана жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети сүйлөшүүлөрдөгү жетишкендиктерди колдоп, маалыматты палатанын кароосуна макулдашууга жиберди. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бул келишим Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланууну талап кылбайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ