Menu

Түндүк Корея өзөктүк сыноолорду «АКШга белек» деп атады

Бөлүшүү:

Түндүк Кореянын БУУдагы өкүлү Хан Тэ Сон өткөн жумадагы өзөктүк сыноолордон кийин АКШга дагы «жаңы белектер» жөнөтүлөрүн айтып коркутту. Ал 5-сентябрда БУУнун Женевадагы чукул жыйынында Түндүк Корея суутек бомбасын континенттер аралык баллистикалык ракеталарга орното турганын айтты.

Түндүк Кореянын өкүлү өзөктүк сыноолорду «коргонуу чарасы» деп атап, АКШны Пхеньянга басым жасоо аракетинен баш тартууга чакырды. Ал Түндүк Корея кандай гана жагдай болбосун, өзөктүк программадан баш тартпай турганын кошумчалады.

Дүйшөмбүдө АКШнын БУУдагы өкүлү Никки Хейли уюмдун Коопсуздук кеңешин Түндүк Кореяга карата санкцияларды күчөтүүгө үндөгөн. 11-сентябрда Вашингтон Улуттар Уюмунда Түндүк Корея боюнча жаңы резолюциянын долбоорун добушка коет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: