Menu

“Саякбай” Канаданы багындырды…

Бөлүшүү:

Жакшы кабар жан эргитет. Дегеним, “Саякбай” тасмасы Канадада болуп өткөн 41-чи Эл аралык Монреаль кинофестивалында “Мыкты инновациалык тасма” номинациясы боюнча Гран-при утту.

Аталган тасманын аткаруучу продюссери Сүйүм Сулайманова, башкы продюссери Саматбек Ибраев, режиссеру Эрнест Абдыжапаров. Саякбай Каралаевдин ролун үч актер аткарган: Марат Жанталиев – карыган кезин-Бактыбек Нурмат уулу – орто жашын, Үмөт Дөөлөт уулу – бала чагын. Ошондой эле, кинодо Чыңгыз Айтматов дагы бар, анын ролун жазуучунун кичүү баласы Эльдар Айтматов жаратты. “Саякбай” көркөм тасмасында 20-кылымдын Гомери сүрөттөлөт, тагыраагы, “Манас” эпосунун улуу айтуучусу, Саякбай Каралаев жөнүндө сөз болот. Манасчы өз жашоосун ойлоп жатып Кыргызстандын жана Советтер союзунун тарыхындагы кульминациялык тарыхый окуяларды эстейт. Тасмадагы башкы тема “Манас” баатырдын трилогиясынын табышмагы эсептелет. Саякбай кыргыз баатыры жөнүндө айтып берген уникалдуу адам болгон. Тасманын дүйнөлүк премьерасы 24-августта Канадада өткөн. Ал эми Бишкекте чакан чөйрө үчүн гана көрсөтүлгөн, жалпы элге 7-сентябрдан баштап көрсөтүлө баштайт.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: