Menu

БШК Канат Исаевди президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты

Бөлүшүү:

“Канат Исаевдин кол топтоо барактарын текшерген жумушчу тобунун тыянагынын негизинде 27 231 кол тамга ишенимдүү деп табылган, бул Кыргыз Республикасынын мыйзамында бекитилген минималдуу чекке  жетпей калды” деп билдирет БШКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 4-сентябрындагы БШКнын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер  Канат Исаевдин кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун протоколу бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Исаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн шайлоочулардын 37 621 кол тамгалары түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, жумушчу топ тарабынан КР БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы №165-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди колдоого шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуунун тартиби жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тапшырган кол коюлган барактардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жөнүндө” Нускаманын төмөндөгү нормалары бузулган:

-1- абзацтын  57-пункту «шайлоочунун кол тамгасын бирөө коюп, башкасы толтурган»;

-5- абзацтын  57-пункту «кол коюуу барагын шайлоочу өз колу менен толтурган эмес»;

– 1-абзацтын  58-пункту «активдүү шайлоого укугу  жоктун колу коюлган».

“Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагына ылайык, 2080 кол тамга ишенимсиз жана жараксыз болуп чыккан, бул кабыл алынган колдордун санынан 10 400дү түздү.

Кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун тыянагынын негизинде 27 231 кол тамга ишенимдүү деп табылган, бул Кыргыз Республикасынын мыйзамында бекитилген минималдуу чекке  жетпей калган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: