Menu

Жолдор “даамдуу” болот бекен Жамшитбек мырза?

Бөлүшүү:

“Орустарда эки көйгөй бар: алар жолдор жана көк мээлер”- деп айтылган сөз учурда Кыргызстанда да актуалдуу болуп калды.

Көк мээлерге эми айла жок, алардан арыла албайбыз деңизчи, бирок жолдорду жакшынакай кылып салса болот го. Дегеле өлкөбүздө ушул жолдордон жарыбадык. Жаздын күнү чылага аралаш жол ремонттогон жолчуларыбыз интернетте тарап, уят иш болсо деле министр Жамшитбек Калилов баш болуп бардык жетекчилер ордунан козголгон жок. Башка бир уят-сыйыттуу бирөө болгондо “ушул кылганым уят”- деп кол шилтеп, кызматын таштап кетет беле. Жок бизде мыйзам жол бербейт экен, эптеп аларга эскертүү гана бердик деп кутулушту. Анысы аз келгенсип Жамшит мырза кол алдындагыларга “ишемби, жекшемби күндөрү ишке чыккыла”- деп кыйнайт экен. Өзү жумасына канча күн иштейт болду экен? Болбосо жол салуудагы тендерерден отметкасын алып коюп эле отурабы? Эгер андай болсо жолдон жеген Калиловго жагып эле жатса керек. Ал сөлкөбайларга билгизбей байып, “колумда пионер лагерден башка байлыгым жок”- деп байкуш боло калганына жан болсун. Урматтуу министр, анда айтсаңыз, бир пионер лагерь кайдан колуңузга тийген, же ал атаңыздан калган мураспы?! Андай болсо “ак чөп башта” деп, акырын отура туралы. Болбосо жок дегенде ошол бизнесиңизден тапкан кирешеңизди элге жарыялап коёрсуз. Жол ондобосоңуз да, жок дегенде үй-бүлөлүк бизнести катырат экен деп калалы. Эгер ошончо чынчыл же аппапак болсоңуз, буга чейин чыр болгон Балыкчы-Корумду жолу боюнча бир жыйынтык чыгарууга аракет кылдыңызбы, же Бишкек-Кара-Балта жолу эмдигиче эмнеге ишке ашпай туру? Айта берсе арман көп дегендей эле да.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: