Орусия президенти Владимир Путин Кошмо Штаттардын Украинага курал-жарак жөнөтүү чечими өлкө чыгышындагы жаңжалды күчөтөрүн айтты.
Кытайда өткөн БРИКС саммитинде Путин журналисттерге маек берип жатып, Вашингтон кимге курал берерин же сатарын өзү чечерин билдирди. Бирок уруш жүрүп жаткан аймакка бул өңүттө көмөк көрсөтүү – тынчтыкты камсыздабай, тескерисинче абалды курчутат деп эсептейт.
Өткөн айда АКШнын коргоо министри Жим Мэттис Вашингтон Орусия колдогон жикчилдерден коргонуу үчүн Киевге курал-жарак берүү маселеси каралып жатканын маалымдаган.
Путин Украинанын Чыгышына курал-жарак жеткирүү абалды өзгөртпөй турганын, бирок курмандыктардын санынын өсүшүнө алып келерин белгиледи. Орусия лидеринин айтымында, өзүн өзү республика катары жарыялап алган Донецк менен Луганскта курал жетиштүү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ