Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Толкунбек Сагынбекович Абдыгуловду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан Т.С.Абдыгуловду өз каалосуу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арызы Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралгандыгын маалымдап, Т.Абдыгуловдун арызын канааттандырып берүүсүн өтүндү.
Ачык электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында Т.С.Абдыгуловду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кабыл алынды.
Эске салсак, 2017-жылдын 25-августунда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болуп, анда КР Өкмөтүнүн жаңы курамы куралып, Толкунбек Абдыгулов КР Өкмөтүнүн 1-вице-премьер-министри кызмат ордуна бекиген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ