Азим Исабеков деген ысым жадыңардан чыга элекпи? Бакиевдин доорунда айыл чарба министри, кийин премьер-министр да болгон эле. Анан аны так ушул Атамбаев премьерликтен оодарып түшүп, анын креслосуна отуруп алган.
Ушул бечара “Атамбаев өлкөбүзгө жолдорду салды, мамлекеттик казынабызды толтурду”,- деп Атамбаевди апендинин кызындай мактап чыкты. Арийне, экөө тең бир айылдан болот. Анткен менен Азим мырза айылдаштан да акыйкат бийик тураарын унутуп калыптыр. “6 жылдык президенттик мөөнөтүндө Атамбаев республикабызга ушунчалык көп нерселерди жасады. Өзү акылдуу, ыймандуу, Кудай деген инсан да. Президенттик мөөнөтүндө өлкөбүзгө жолдорду салды, мамлекеттик казынабызды толтурду. Мамлекеттик кызматкерлерибизге айлык-акылар убагында берилип жатты. Бир мезгилдерде айрым өкмөттөр эч нерсе жасай алышпай, мугалимдерибизге, дарыгерлерибизге эч нерсе бере алышпай калышкан. Алмазбек Шаршенович бийликке келгени баарын оңдоп, айлык-акыларды көтөрүп, өзгөчө кары-картаңдарыбыздын пенсияларын жогорулатты. Мындай изги иштерин санай берсек өлкөбүз үчүн ушунчалык көп иштерди жасаганга үлгүрдү. Бул жагынан алганда да мен бул кишиге аябай таң берем”,-деп таңдайын такылдатыптыр. Ал аз келгенсип, Сооронбай Жээнбековду кыргыздын бактысына бир жаралган инсан кылып ийиптир. Мактоонун да чеги болот го. Акылдуу киши атаандаштарын “сасык” деп, алардын артынан “сасыган” саясат жүргүзөбү? Ыйман, Кудай деген кишилер ар кимге эле “жүз грамм куюш керек”- дейби? “Жол салдым”-деген шылтоо менен өлкөнүн тышкы карызын эки эселентеби? Акыйкат кайда, акыл калчаңызчы Азим мырза?..
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ