Menu

Бекназаровго карата “бет тырмаарлык” башталды…

Бөлүшүү:

“Кайда баратабыз?”-деп кыйкыргың келет. Бирок, уга турган бирөө жок. Угат деген ажоң жок, угат деген кожоң жок. Ажоң менен кожоң биригип алып, «билгенин» кылып атканда кимге кайрылаарды да билбейсиң…

Саясый күрөш абдан балиттик менен башталып атат. 2-сентябрда президентикке талапкер катары 7-болуп расмий катталган коомдук ишмер Азимбек Бекназаров “Текебаевдин соттук ишинде жалган көрсөтмө берген”- деп шектелип, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы билдирди. Билдирүүдө “Азимбек Бекназаровдун «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда сүйлөгөнү тууралуу айткандары монтаж эмес экени экспертиза тарабынан аныкталды жана буга байланыштуу кылмыш иш козголду”,- делинет. Буга кошумча “Мегаком” чуусу боюнча абакка отуруп чыккан Раушан Айткулова (Рыкунова) да УКМКга кайрылып, Бекназаровдун үстүнөн арызданган. Айткулова арызына кошуп Бекназаров менен болгон сүйлөшүүсүнүн видеосун да бергени, анда Бекназаров сотто жалган көрсөтмө бергенин моюнга алганы айтылат. Буга чейин интернетке “Камчыбек Ташиев менен Азимбек Бекназаровдун телефондук сүйлөшүүсү”- делген аудио тараган. Анда Бекназаров делген адам сотто Текебаевдин пайдасына атайын жалган көрсөтмө бергенин айтат. Кийин Бекназаров да, Ташиев да бул аудио монтаждалганын айтып, соттогу көрсөтмөлөрү чын экенин билдиришкен эле. Башкы прокуратура аудио боюнча тийиштүү текшерүү жүргүзүүнү айтып УКМКга кайрылган. “Бөрк ал десе баш алган” – “сегизбаевчил” УКМК “текшерүү” бүткөнүн, Казакстанда өткөрүлгөн көз карандысыз экспертизанын бүтүмү менен аудио эч кандай монтаждалбаганын кошумчалайт. Бирок, буга коомчулук ишенбей туру. Анткени УКМК негедир бийликке жакпаган кишилерге каалагандай ‘гейттерди” таап чыгуу, аларды конкреттештирүү менен гана алектенип калганы жалпыга маалым эмеспи. “Бульдозер” атыккан Азимбек Бекназаров ар качан бийликти безге сайып, “туалетте уктап калганынан” бери ашкерелеп келген эле. Бул албетте, ажого жакпады. Ал эми бийликтин бул кылыгы Кудайга жагабы аны бир жараткан өзү гана билээр. Бирок, элге жакпастыгы анык.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: