Menu

Шавкат Мирзиёев Чыныбай Турсунбековду Өзбекстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-августа Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келген Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана кеңейтүүгө багытталган маселелер талкууланып, айрыкча, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу жаатында сөз жүрдү.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жогорку даражалуу мейманга кыргыз жерине мамлекеттик иш сапар менен келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип: “Мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев менен Самарканддагы жана Бишкектеги жолугушууларыңар эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү жакшыртып, өз ара мамилебиздин жаңы тарыхый барагын ачат деп ишенем”, – деди. Ошондой эле, акыркы жылдары Кыргызстандын эли эки мамлекет ортосундагы алакалардын жакшы жагына өзгөрүүсүнө күбө болуп жатканын, бул өлкөбүздүн түштүк аймактары үчүн эле эмес, түндүк тараптагы, айрыкча, Ысык-Көл облусуна оң таасирин тийгизип жатканын айтты. “Тамчыдагы аба майданына түз аба каттамынын ачылышы – мунун айкын далили. Биз, Жогорку Кеңеш да Өзбекстан парламенти менен өнөктөштүк мамилелерди чыңдоону көздөйбүз. Баарына белгилүү болгондой, парламенттер аралык кызматташтык эки элди жакындатууда маанилүү роль ойнору бышык. Эгер биз бири-бирибизди жакшы түшүнүшсөк, биздин жарандар да ынтымакта жашайт”, – деп кошумчалады Чыныбай Турсунбеков.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Улуу Мажилисинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө кол коюлган меморандумду зор кубаныч менен кабыл алганын айткан Чыныбай Турсунбеков аталган документ парламенттер аралык баардык багыттагы өнөктөштүктү өөрчүтүү үчүн жакшы өбөлгө болуп берерин баса белгиледи.

Ал эми кыргыз эли Өзбекстан үчүн бир тууган эл экенин айткан Президент Шавкат Мирзиёев акыркы мезгилдери эки мамлекеттин мамилеси жакшырганын билдирип: “Ар бир жасаган ишибиз карапайым элдин турмушун жакшыртуу үчүн кызмат кылышы керек. Бул жагынан алганда, менин бул иш сапарым жемиштүү болду, өзүм өтө канаттандым. Саясий эрктин натыйжасында көптөгөн маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууга жана бир катар документтерге кол коюуга жетиштик. Эми аларды ишке ашыруу гана калды. Мен эки өлкө парламенттери биздин чечимдерди колдоп берет деген ишеничтемин” – деди.

Мындан сырткары, кыргыз парламенти жакшы жетишкендиктерге ээ экендигине токтолгон Шавкат Мирзиёев: “Жогорку Кеңеш менен Улуу Мажилис ортосундагы өз ара мамилени өнүктүрүү максатында тажырыйба алмашуу үчүн тийиштүү иш сапарларды уюштуруу зарыл. Биздин парламенттин Кыргызстан менен кызматташуу боюнча депутаттардын достук тобу түзүлгөн, Жогорку Кеңеште да мындай топтун бар экендигин билебиз. Андыктан, достук топторунун тыгыз кызматташтыгын кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Анткени, алар көптөгөн документтердин ишке ашырылышы үчүн негизги кызматты аткарат деген ойдомун”, – деп кошумчалады.

Ал эми жакында өтүүчү Кыргызстандагы президенттик шайлоо тууралуу да кеп салган Өзбекстандын мамлекет башчысы: “Акылман кыргыз эли өз кезегинде Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесин жакындатууга багытталган Алмазбек Атамбаевдин саясатын улантуучу татыктуу талапкерди тандап алат деп ишенем”, – деп билдирди.

Сөзүнүн аягында Шавкат Мирзиёев Төрага Чыныбай Турсунбековду Өзбекстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, аталган жолугушууга Жогорку Кеңештин фракция лидерлери, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, Өзбекстан менен парламенттик достук тобунун жетекчиси катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: