Бүгүн, 6-сентябрда кыргыз-өзбек чек арасында “Достук” көзөмөл өткөрүү бекетинин расмий ачылышы болот. Бул тууралу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков АКИpress маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мурда көзөмөл өткөрүү бекеттеринде өзбек чек арачылары жамандык-жакшылыкка бараткан жарандардан телеграммаларды көрсөтүүсүн талап кылышчу. Расмий тастыкталган телеграммасы бар жарандар гана Өзбекстанга өтө алчу. “Эми мындай талаптар болбойт, бардык жарандар өтө алат”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ