Menu

Шавкат Мирзиёев кыргыз бийлигинин кадырын көтөрүп кетти

Бөлүшүү:

Баарына маалым болгондой, башта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы алака начар эле. Былтыр күздө Ислам Каримов дүйнөдөн өтүп, анын ордуна президент болуп Шавкат Мирзиёевдин шайланышы чоң өзгөрүүлөрдү жаратты. Акырындык менен «тоңгон муз» эрип отуруп, эки өлкөнүн ортосунда достук мамиленин орношу, албетте, илгери үмүткө шоола чачты.

5-6-сентябрда Шавкат Мирзиёев баштаган мамлекеттик делегациянын Бишкекке келипш, соода-сатык, социалдык-саясый, өндүрүштүк жана дээрлик экономика багытындагы келишимдерге кол коюлушу, эң башкысы, чек ара маселесинин тынч жолдо чечиле баштаганы элибизди кубандырууда. Негизинен түштүктөгү чек ара бекеттери четинен ачыла башташы жергиликтүү элдин кошуна мамлекетгеги туугандары менен карым-катыш түзүүгө өбөлгө болуп, андан сырткары бизнес жаатындагы алака да жакшырат эмеспи. Акырындык менен түштүк регионундагы элдин турмушунун оңолушуна шарт түзүлө турганы мына ушул күндөрдөн башталды.

Ошого катар Камбар-Ата ГЭСин чогуу куруу боюнча Шавкат Мирзиёев убадасын берип, чоң долбоордун башталышын негиздеп койду. Ал өз сөзүндө президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердигин жогору баалап, эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин оңолушуна салым кошконуна ыраазы болду. Эң оболу, мамлекет башчыларынын жылуу маанайда тил табышканы, бир тууган элдердин келечегине карай кам көрүшкөнү баарыбызга эле жагып турат.

Ток этери, президенттик шайлоо астында бийлик талапкери үчүн мындай үлкөн иш-чаранын өтүшү упай алып келе турганы анык. Себеби, түштүктөгү калың элдин астында Алмазбек Атамбаевдин кадыры көтөрүлүп, кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттин эртеңки саясатынын туруктуу өнүгүшүнө негиз түзүлгөндөй. Ал эми карапайым калкка эң оболу тынчтык керек. Ошондо гана күнүмдүк көртирликтен тарта өнүгүп-өсүүгө чейин кадам таштайбыз да…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: