Menu

Тажик бийлиги SMS-билдирүү аркылуу улуттук кийим кийүүгө үндөөдө

Бөлүшүү:

Тажикстандагы мобилдик операторлордун кардарлары 6-сентябрь күнү эртең менен бир гана улуттук кийим кийүүгө чакырган SMS-билдирүү алышты. Аялдар иштери жана үй-бүлө комитетинен билдирүү алардын суранычы менен жөнөтүлгөнүн тастыкташты.

“Биз “Тажиктелеком” компаниясы менен башка операторлордун жетекчиликтерине “Каада-салтты, салтанат жана жөрөлгөнү тартипке салуу жөнүндө” мыйзамдын аткрылышына көмөк көрсөтүүлөрүн сурап расмий кат жөнөттүк. Мыйзам өлкө жарандарын улуттук маданияттын атрибуттары – мамлекеттик тилди билүүгө, улуттук кийимдерди кийүүгө милдеттендирет”,-деди комитеттин төрайымы Махбуба Азимова.

“Улуттук кийимдерди кийүү – шарт!”, “Улуттук кийимдерди сыйлагыла”, “Келгиле, улуттук кийим кийүүнү жакшы салтка айландырабыз” – деген SMS-билдирүүлөрдү мобилдик телефондордун 6 миллиондой колдонуучусу алды.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасы 23-августта жарандарды улуттук кийим кийүүгө жана мамлекеттик тилди билүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун кабыл алган.

Анын алдында президент Эмомали Рахмон улуттук каада-салтка жат кийингендерди кескин сынга алган. Укук коргоочулар мындан кийин хижаб, сатр кийгендерге каршы калайман жараян башталганын айтып чыгышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: