Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында 2017-жылдын 25-августунда өткөн кыргыз парламентинин кезексиз сессиясында жаӊыдан бекитилген Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү ант берди. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан өкмөт мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан дайындалган Премьер-министр менен өкмөт мүчөлөрү парламентте ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ