Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетин ачуу маалында чек аранын эки тарабында миңдеген адам чогулуп турду.
Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян облустарынын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан, 2010-жылдагы окуялардан кийин өтүү катаалдаган “Достук” өткөрмө бекетинен чектөөлөр алынды. Бул тууралуу 6-сентябрда бекетти ачуу салтанатына арналган иш-чарада айтылды.
Кыргызстан тараптагы салтанаттан кийин Дүйшөнбек Зилалиев баштаган кыргыз делегациясы чек аранын Өзбекстан тарабындагы иш-чарага катышты.
Чогулгандар алдында сүйлөп жатып Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдрахманов бир нече күндөн кийин бул бекет аркылуу эч тоскоолдуксуз өтсө болорун жарыялады:
– Паспортту көрсөтүп өтө бересиңер, телеграмма деген балээ жок болот.
Абдрахмановдун бул айткандарын эл узак кол чабуу менен кубаттап турду.
Жалпысынан эки өлкө ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, төртөө темир жол. Бүгүнкү күнгө чейин алардын үчөө гана ачык болуп келген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ