Menu

Кыргызстан менен Өзбекстан Анжиян-Ош-Кашкар жолун ачууга ниеттенишүүдө

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Өзбекстан бийлиги Анжиян-Ош-Кашкар трассасын ачуу мүмкүнчүлүктөрүн карашууда. Бул тууралуу 6-сентябрда “Достук” чек ара өткөрмө бекетинин ачылыш аземинде Анжиян облусунун акими Шухратбек Абдурахманов билдирди.

Анжиян облусунун акими Шухрат Абдрахманов чек аранын эки тарабында жашап келе жаткан өзбек эли телеграмма деген балээден кутулуп, тууган-урук, жек-жаат менен эркин катышып каларын айтып кетти.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 5-сентябрь күнү Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери 15 жылдан бери эки элдин көйгөйү болуп жаткан чек ара маселесин 15 мүнөттө чечкенин белгилеп, бул күндү эки элдин ортосундагы достуктун жана ынтымактын күнү болсун деди:

– Элине кызмат кылган мына ушундай болот. Ошондуктан, эки президентибизге узун өмүр каалап, терең ыраазычылык билдиребиз. Эки элдин ынтымагы жана достугу мындан ары да бекем болуп, ырашкерлиги арта берсин!

6-сентябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен келип, кыргыз-өзбек кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюлган. Анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстан чек аранын 85 пайызын макулдашканы боюнча да документ бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: