Menu

Трамп: Пхеньянга каршы аскердик чара көрүү – башкы максатыбыз эмес

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Пхеньянга каршы аскердик чараларды көрүү биринчи вариант эмес экенин билдирди. Ал Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен бул маселе боюнча ачык сүйлөшкөнүн айтты.

“Президент Си бир нерсе жасагысы келди, биз көрөбүз, ал аны жасай алабы, бирок биз Түндүк Кореяда болуп жаткандарга моюн сунуп отура албайбыз”,-деди Трамп Акүйдө сүйлөгөн сөзүндө.

“Си мага жүз пайыз кошулат деп эсептейм. Ал дагы болуп жаткандарга макул эмес… Биз өтө ачык жана өтө күчтүү телефондук сүйлөшүү өткөрдүк”,-деп кошумчалады АКШ президенти.

Акүй тараткан билдирүүгө ылайык, телефондук сүйлөшүүдө АКШ жана Кытай лидерлери Түндүк Кореянын акыркы чагымчыл аракеттерин айыпташып, Пхеньяндын багыт алган жолу дүйнө үчүн коркунучтуу экенин билдиришти. АКШ президенти менен Кытайдын төрагасы координацияны бекемдөө милдеттенмелерин алышып, Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча мындан ары дагы аракет жасоого макулдашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: