Menu

Жанболат Мамайга акыркы сөз берилди

Бөлүшүү:

Мухтар Аблязовдун уурдалган каражатынын бир бөлүгүнүн изин гезит аркылуу жашырган деген айып менен соттолуп жаткан Жанболат Мамайга 6-сентябрда акыркы сөз берилди. Прокурор журналистти төрт жылга эркинен ажыратууну суроодо.

Жанболат Мамай соңку сөзүндө өзүнө тагылган айыптарды моюнуна албай турганын билдирди. Анын айтымында «Трибуна. Саяси калам» гезити эч кимдин буйругун аткарган эмес. “Гезиттин кызматкерлери гана редакциялык саясатты аныкташкан. Биз эч качан кимдир бирөөнүн саясий буюртмасын аткарган эмеспиз”,-деди ал.

Мамай тарапташтарына, “Жанболат Мамайды коргоо комитети” демилгечил тобунун активисттерине, эл аралык укук коргоо уюмдарына жана сот жараянын чагылдырган ММКларга ыраазычылыгын билдирди.

“Саясий калем – Трибуна” гезитинин редакторунун милдетин аткарган 29 жаштагы журналист быйыл февраль айында кармалган. Ага бозгундагы казакстандык олигарх Мухтар Аблязов менен бирге арам акчаны адалдоого аралашкан деген айып тагылууда. Тергөөнүн версиясы боюнча кеп 110 миң АКШ доллары жөнүндө болуп жатат. Мамай Аблязовго эч кандай тиешеси жоктугун айтып, бул ишти саясий куугунтук катары мүнөздөөдө.

Мамайга сот өкүмүн угузуу 7-сентябрга белгиленди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: