Menu

Жогорку Кеңеште Мьянмада болуп жаткан окуялар боюнча сөз козголду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жер-жерлердеги шайлоочулардын көйгөйлүү делген маселелеринин чечилишин аткаруу бийлигинин астына коюшту. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Депутат Кубанычбек Нурматов Ош облусунун Араван районунда жүргөн селдин кесепеттерин баардык эле тургундар көтөрө албай жатканын айтып, андай үй-бүлөлөргө жардам берүү маселесин көтөрдү.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов Ош облусунун Сузак районундагы жер көчкүдөн жабыркаган элге үй салууга жер берилип, эми алардын таза суу көйгөйлөрү чечилбей жатканына Өкмөтүн көңүлүн бурду.

Депутат Төрөбай Зулпукаров иш сапары жаңы эле жыйынтыкталган Өзбекстандын Президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапары, эки өлкө ортосундагы чек ара маселесинин 85%нын чечилиши тууралуу сөз кылды. Эл өкүлү мында эки өлкөнүн ынтымактуу карым-катнашына чоң кадам жасалгандыгын баса белгилеп, эки мамлекет башчысына шайлоочулардын атынан ыраазычылык билдирди. Мындан сырткары, Т.Зулпукаров Мьянма мамлекетинде болуп жаткан окуяларга мыкаачылык деп баа берип, ага карата КР Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн кубаттоого алды.

Мьянмадагы мусулман азчылыгына болуп жаткан зордук-зомбулукка депутат Мирлан Бакиров дагы токтолуп, Бириккен улуттар уюму мындай оор кырдаалга көңүл бурса деген ой-пикири менен бөлүштү. Ошону менен катар депутат Кыргызстанга Польша өлкөсү менен сүйлөшүлгөн техникалык насыяларды алуу жүзөгө ашпай жатканын сынга алды.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев дагы кыргыз-өзбек элинин ынтымагы үчүн жакшы иштер болуп жаткандыгына токтолду. “Буга чейин көтөрүп келген чек ара маселелери чечилип жатат. Кубанарлык иш. Эки элдин коңшулук ынтымагы арта берсин”.- дейт депутат. Р.Умбеталиев Жалал-Абаддын Аксы районундагы Райкомол айылында болгон жер көчкүнүн кесепеттери дале толук чечилбей келе жатканын билдирди.

“Жалал-Абаддын Аксы районундагы туристтердин бүйүрүн кызытып келген Сары-Челек, Падыша-Ата сыяктуу жерлерине жетүүдө жол башкы көйгөйгө айланды”,- дейт депутат Алмазбек Эргешов. Ал бийлик өкүлдөрүн туристтер үчүн жол, интернет сыяктуу инфратүзүмдүк маселелерди жакшыртууга чакырды. А.Эргешов мындан сырткары, Аксы районунун борбору Кербен шаарына ички авиа каттамты жолго коюуга мезгил келип жеткендигин ортого салды. Ошондой эле Бишкек – Ош авиа каттамы 35 мүнөттүк учуу үчүн 4500 сомдук билет баасынын кымбат болуп жатканын кошумчалады.

Кыргызстан санариптик берүүлөргө өткөнү менен айрым айылдардын эли санариптик антенналары тартпай, телевизор көрө албай жаңылыктардан артта калууда. Депутат Зиядин Жамалдинов буга Ош облусунун Ноокат районундагы Кожо-Арык, Көк-Жаңгак айылдарын мисалга тартты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: