Menu

Фото – Президенттик жарыштын катышуучулары такталды – 13 эрен

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди катоону жыйынтыктады. Президенттик креслого 13 киши ат салышат.

1.Арстанбек Абдылдаев

Өзүн-өзү көрсөткөн, 49 жашта. Нарын облусунун Ат-Башы районунан. 2011-жылы “Зима не будет” деген сөзү менен таанылган. Кыргызстанды Жердин энергетикалык борбору, Путинди татаал биоробот деген. 2011-жылы дагы президенттикке аттанган. Билими: орто профессииналдык. Учурда “Ауирдин” ОсООнун директору.

2.Өмүрбек Бабанов

Өзүн-өзү көрсөткөн, 47 жашта. Талас облусунун Кара-Буура районунда төрөлгөн. Жогорку билимдүү: Тимирязев атындагы Москва айыл-чарба академиясын, Россия элдик чарба академиясын, Кыргыз улуттук юридикалык академиясын аяктаган. 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын сентябрына чейин КР премьер-министри болуп иштеген. 2014-жылы Камчыбек Ташиев менен биригип, жаңы партия түзгөн. Учурда «Республика — Ата Журт» парламенттик партиясын жетектейт.

3.Азимбек Бекназаров

Өзүн-өзү көрсөткөн, 60 жашта. Жалал-Абаддын Кара-Суу айылынан. Коомго  2005 жана 2010-жылдардагы революцияларга активдүү катышкандыгы үчүн “революциянын бульдозери” деген ат менен белгилүү. Башкы прокурор болгон. Жогорку юридикалык билимге ээ. Учурда жеке адвокат болуп иштейт.

4.Сооронбай Жээнбеков

КСДП партиясынан чыккан. 58 жашта. Оштун Кара-Кулжа айылынан. Кыргыз айыл-чарба институтун бүтүргөн. Кесиби зооинженер, бухгалтер. Колхоздо зоотехник болуп иштеген. Акыркы убактарда Кыргызстандын министрлеринин кабинеттерин жетектеп келген. Жээнбековдордун кланынын Кыргызстандын түштүгүндө таасири күчтүү деп айтышат. Алмазбек Атамбаевдин жакын досу.

5.Эрнис Зарлыков

Өзүн-өзү көрсөткөн, 50 жашта. Ж. Баласагын атындагы КУУнун экономика факультетин бүтүргөн. Шайлоого катышканга чейин Бишкектин биринчи вице-мери болуп эмгектенген. Кыргыз тили боюнча тест тапшырып тиешелүү баллды араң топтогон- 60,16. Ачык булактарда анын кайсыл жактык экендиги көрсөтүлгөн эмес.

6.Улукбек Кочкоров

Өзүн-өзү көрсөткөн, 43 жашта. Баткендин Кара-Бак айылында туулган. Мурда V чакырылыштын депутаты болчу. Жогорку экономикалык жана юридикалык билими бар. Учурда иштебейт.

7.Адахан Мадумаров

Өзү жетектеген «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан чыккан, 52  жашта. Оштун Куршаб айылынан. Тверь мамлекеттик университетин жана КУУну бүтүргөн. Жогорку кеңештин үч чакырылышында тең депутат болгон. Беш тил билет. Тил боюнча сынактан эң жакшы көрсөткүчтү көрсөткөн – 96,77 балл.

8.Арсланбек Малиев

Өзүн-өзү көрсөткөн, 59 жашта. Жалал-Абаддан. Харьков коомдук тамактануу институтун бүтүргөн. «Аалам» партиясынын лидери. 2011-жылы президенттикке талапкер катары чыгып, бирок кыргыз тили боюнча тесттен өтпөй калган. Жогорку кеңештин депутаты болгон.

9.Таалатбек Масадыков

Өзүн-өзү көрсөткөн, 56 жашта. Чүйдүн Беш-Күңгөй айылынан. Москва эл аралык байланыштар институтун аяктаган. Эл аралык байланыштар боюнча консультант. «Генералы мира — за Мир» КБни жетектейт.

10.Темир Сариев

«Акшумкар» партиясынан чыккан, 54 жашта. Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөн. Жогорку экономикалык билими бар. Мурунку экономика министри жана премьер-министр катары элдин эсинде калган.

11.Камчыбек Ташиев

«Ата Журт» партиясынан чыккан, 48 жашта. Жалал-Абаддын Барпы айылынан. Томск ТПУ, КУУну аяктаган. 2007-жылы ӨКМ болгон. Эки жылдан соң кызматтан кеткен.  2011 -жылы президенттикке чыгып, утулуп калган. Жогорку Кеңеште депутат болуп туруп, “Кумтөрдү” улутташтыруу демилгесине активдүү катышкан.

12.Бакыт Төрөбаев

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынан чыккан, 44 жашта. Жала-Абадда төрөлгөн. Жогорку Кеңеште депутат, аталган партиянын жетекчиси. Жогорку билимдүү.

13.Токтайым Уметалиева

Өзүн-өзү көрсөткөн, 55 жашта. Таластын Ленинополь айылында туулган. Жогорку билимдүү, кесиби физик. Жалгыз кандидат – аял.

Дагы белгилей кетчү жагдай бул тизме жыйынтыктоочу эмес. Себеби, талапкерлер – Ахматбек Келдибеков, Турсунбек Акун жана Исхак Масалиев БШК менен каттоодон баш тарткандыгы үчүн соттошууга даяр. Алардын кийинки тагдырын Фемида чечет.

24.kg сайтынан кыргызчаланды

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: