Орусиянын “РусГидро” ишканасы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭС каскадына байланыштуу сотко кайрылмай болуп жатканын РИА Новости агенттиги кабарлоодо.
Агенттиктин маалыматына караганда, ишкананын жетекчиси Николай Шульгинов “эл аралык арбитраж боюнча консультант издей баштаганын” айтты.
2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Орусиянын “РусГидро” компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2016-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.
Кыргыз тарап жумушчулардын жатаканасынан башка ал жерде эч нерсе курула электигин жүйө келтирип, кеткен чыгымды аныктоо үчүн эл аралык аудит өткөрүүнү сунуштаган. Бирок Орусия тарап андан баш тартып, Кыргызстан 37 миллион доллар бересе болуп калганын айтып келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ