Menu

Сириядагы согушта 33 жолу химиялык курал колдонулган

Бөлүшүү:

Сириядагы согуштун жүрүшүндө 33төн ашык  химиялык курал колдонулган. БУУнун Сириядагы химиялык чабуулдарды иликтөө комиссиясынын 6-сентябрда кабарлаганына караганда, аталган куралды 27 жолу Башар Асаддын режиминин күчтөрү колдонгон.

Маалымдалгандай, ушул жылдын апрелинде ууландыруучу зарин газы бар снаряддардан Хан-Шейхун шаарында 80ден ашык жай тургун мерт болгон. Анда Дамаск аба соккуларынын жүрүшүндө бомба көтөрүлүшчүлөр тарабынан даярдалган химиялык снаряддардын кампасына тийгенин билдирген.

Шаршембиде БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура жарандык согушта эч ким жеңишке жете албаганын айтып, өлкөдөгү куралдуу жаңжал дээрлик аяктады деген пикирин билдирген. Анын айтымында, учурда Башар Асаддын режими чыныгы саясий жараянды баштоого кудурети жетеби жана оппозиция биримдикке келип, согушта жеңишке жете албай калганын моюнга ала алабы деген суроолор башкы көйгөй болууда.

5-сентябрда Асад режиминин жана анын союздаштарынын күчтөрү «Ислам мамлекети» тобунун үч жылдык курчоосун бузуп, Сириядагы мунай өндүрүүнүн борбору болгон Дейр-аз-Зорго кире беришти кеңейтүү жана бекемдөө аракеттерин көрүшүүдө.

«ИМ» тобунун Сириядагы акыркы таянычы эсептелген Ракка шаарын АКШ башында турган коалиция күчтөрүнүн колдоосунда күрт көтөрүлүшчүлөрү курчап турушат.

БУУнун маалыматы боюнча Сирияда согуш башталган алты жарым жылдан бери 450 миңден ашык киши мерт болуп, өлкөнүн миллиондогон жараны жер которууга аргасыз болушкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: