Menu

Кудай алдында ак бололу…

Бөлүшүү:

Гезитибиздин (ред. “Ачык саясат” гезитинин) өткөн санында Пирамида телеканалынын директору болуп жүргөн Нурзада Токтогулованын директорлук кызматты өткөрүп бербестен Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабында иштеп жатканын жазганбыз. Анткени анын кызматтан кеткендиги боюнча маалыматы жарыяланган эмес, анын ордуна дайындалган киши ким экени да расмий түрдө кабарланган эмес. Ошол себептүү коомчулук тарабынан редакцияга кайрылышып, мыйзамды эскертип коюшубузду суранышкандыктан, гезит аркылуу суроо салып, кулак кагыш кылганбыз. Бирок биздин маалымат жарыкка чыгаары менен жогоруда аталган штабдан байланышка чыгышып, Токтогулованын Пирамида телеканалынан арыз жазып кеткендигин, мыйзамдуу түрдө штабда иштеп жаткандыгын кабарлашты. Мамлекеттик кызматтагылардын иштен кеткенин же ишке киргенин офицалдуу гана маалыматтар менен тастыкталат эмеспи. Көрсө официально жарыялабай тынч кеткендери да болот экен. Нурзада айым кызматынан бир ай мурда официалдуу түрдө арыз жазып кеткендиги чын болсо анда ак чөп башта деп кечирим сурайбыз. Кудай алдында ак болгон жакшы бет тырмарлык кылбай.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: