Menu

Эдил Байсалов ГЭСтерди өзбектер менен бирге куруу опурталдуу экенин билдирип чыкты

Бөлүшүү:

Акаевдин доорунан бери бийликке сын айтканды өнөргө айланткан Эдил Байсалов ажого тишин кайрап, кошуна өлкөлөр менен болгон мамилеге балта чапты деген бийик ураанды чакырып келгенин баарыбыз билебиз. Кечээ көпчүлүк күтпөгөн чоң саамалык болуп, эки президенттин жолугушуусунан кийин тоңуп калган кыргыз-өзбек достугу заматта бекемделип калды. Эдил Байсалов муну көргөндөн кийин ичи өрттөнүп кеткен окшойт, дароо жумурткадан кыр издеп, ГЭСтерди өзбектер менен бирге куруу опурталдуу экенин билдирип чыкты. Биринчиден, андай күндөргө жете элекпиз, бирге кура турган маалда оң жана терс жактарын айтып баштаса болот. Экинчиден кыргыздар келген кишиге эле кармата бербейт, эң алды мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынат. Андыктан Эдичка оңду-солду шилекейин чачыратып эдиреңдей бербей, эсине келсин дээр элек. Ал заман өттү.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: