Menu

Республика-Ата-журт «Центерра Голд Инк.» компаниясынын түндүк америкалык Thompson Creek Metals Inc. компаниясын сатып алышына каршы чыгышты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин «Республика – Ата-Журт» фракциясынын кезектеги жыйынында Кыргызстандын «Кумтөр» долбоорундагы үлүшүнүн азайышына алып келген «Центерра Голд Инк.» компаниясынын акцияларынын кошумча эмиссиясы боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен «Кыргызалтын» компаниясынын маалыматы угулду. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, «Центерра Голд Инк.» компаниясы түндүк америкалык Thompson Creek Metals Inc. тоо-кен компаниясын сатып алуу бүтүмүн аяктады. «Аны каржылоого кошумча эмиссия чыгаруудан түшкөн каражат дагы жумшалган. Ошонун натыйжасында Кыргызстандын «Центерра Голд Инк.» компаниясындагы үлүшү 32,1 пайыздан 26,6 пайызга чейин азайды. Бирок, «Кыргызалтындын» акцияларынын саны мурдагы бойдон калды», – деди ал.

Фракция башчысы Өмүрбек Бабанов Thompson Creek Metals Inc. компаниясынын азыр каржылык жактан кысталып турганын белгилеп, Кыргызстандын кызыкчылыгына кайчы келген бүтүмгө жол бергени үчүн Өкмөттүн мындай аракетин сынга алды.

Депутат Мирлан Жеенчороев Кыргызстанга келтирилген экологиялык чыгымга кайрылып, анын кенемтесин толтуруу, кыргыз тараптын өкүлдөрүнүн «Центерра Голд Инк.» компаниясынын Директорлор кеӊешиндеги орду, келишимге кол коюудагы ролу тууралуу маселелерди көтөрдү.

Ал эми «Кыргызалтын» компаниясынын өкүлү Thompson Creek Metals Inc. компаниясын сатып алуу менен алтын кыйла көп өндүрүлө турганын, демек, дивиденд өлчөмү да 10 млн доллардан 20 млн долларга чейин көбөйөрүн белгиледи. андан тышкары, ал кыргыз тарап экологиялык доолор боюнча сотто утуп алгандыктан, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын эсебиндеги 350 млн доллар камакка алынганын билдирди.

Талкуу жыйынтыгында фракция мүчөлөрү «Центерра Голд Инк.» компаниясынын Thompson Creek Metals Inc. компаниясын сатып алуу бүтүмүнө каршы чыгышты. Ошондон улам, алар тез арада бул бүтүмдү бузуу боюнча доо-арыз менен сотко кайрылуу зарыл деген чечимге келишти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: