Menu

Чүй облусунун тургуну 2 кг. марихуана менен кармалды

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл районунан баңгизаттарын мыйзамсыз сактоого шектүү катары 28 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалган.

Кармалган жаранды текшерүү учурунда өзгөчө жыты бар зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгы менен 2 килограмм салмактагы марихуана баңгизаты экендиги аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү жаранга камакка алуу чечими чыгарылган. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: