Menu

Москва бийлиги шаар күнүн белгилөөгө 740 млн рубль коротот

Бөлүшүү:

Москванын бийлиги 9-10-сентябрь күндөрү белгиленчү Шаар күнүн майрамдоого 741,9 млн рубль коротууну пландоодо. Бул тууралуу РБК басылмасы мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы маалыматтарга таянып билдирди.

Маалыматка караганда, бул сумма былтыркыга салыштырганда 160 миллион рублге көп. Мэрия шаарды кооздоого 360 миллион рубль коротууну пландоодо. Москванын үстүндөгү булутту айдоого 97 миллион рубль жумшалат. Андан тышкары фейерверктер үчүн дагы 31 миллион рубль бөлүү каралган.

Басылма Москванын 870 жылдыгын белгилөө үчүн каралган чыгымдар буга чейинки жылдарга караганда быйыл кыйла көп болорун билдирүүдө. Өткөн жылы Шаар күнүнө 580 миллион рубль бөлүнгөн. Андан соң Орусиянын Коомдук палатасы Башкы прокуратурага кайрылып, Москва мэриясынын чыгымдарын текшерүүнү өтүнгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: