Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев казак кесиптеши Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен Казакстанга барат. Жергиликтүү ММКлардын билдиргенине караганда, өзбек лидери 9-10-сентябрь күндөрү Ислам кызматташтык уюмунун илим жана технологиялар боюнча алгачкы саммитине катышат.
«Ислам дүйнөсүндөгү илим, технологиялар, инновациялар жана модернизациялар» деген ураандын алдында өтчү саммит Астанадагы эл аралык EXPO-2017 көргөзмөсүнүн жабылышына арналган.
Сапардын алкагында Шавкат Мирзиёевдин EXPO-2017 көргөзмөсүнүн жабылышына катышып, бир катар чет өлкөлүк делегациялардын жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүүдө.
Өзбекстан президентинин Казакстанга алгачкы мамлекеттик сапары ушул жылдын мартында болгон. Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттер, өкмөттөр жана мекемелер аралык документтердин топтомуна жана ири коммерциялык келишимдерге кол коюлган.
Ушул жылдын 29-апрелинде Шавкат Мирзиёев Түштүк Казакстан облусуна барып, Нурсултан Назарбаев менен жолуккан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ