Menu

  Фото – Жалал-Абаддагы мечитте адам сатууга каршы түшүндүрүү өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш сейил багына жакын жапйгашкан “Имам Албухарий” мечитиндеги жума намазында облустук казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Арпидин Жороев тарабынан адам сатууга каршы атайын кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул турлауу өкмөттүн Жалал-абад боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Жалал-Абад облусунда 5-сентябрдан 18-сентябрга чейин “Адам сатууга каршы 100 күн” маалымат компаниясы жүрүп жатат. Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары менен биргеликте өкмөттүк эмес уюмдар “Адам сатууга каршы 100 күн” акциясын биргеликте өткөрүү иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

— Адамдын кадыр-баркы жана эркинидиги баарынан улуу турат деп Куранда айкын жана даана айтылган. Салттуу ислам дининде баса белгиленип кеткендей, кулчулук менен адам сатуу бул чоң күнөө болуп саналат.  Пайгамбар келгенден кийин миңдеген адамдар кулчулуктан бошотулган. Андыктан адам баласын кулчулукка сатуу, зордуктап кемсинтүү, жаш балдарды сатуу аябагандай оор күнөө болуп саналат. Ислам динине жамынган айрым бир экстремисттик топтор биздин жаштарыбызды жана кыз-келиндерибизди алдашып, Сирияга үндөп жатышат. Ислам дини тынчтык менен боорукердиктин жана кайрымдуулуктун дини экендигин эсибизден чыгарбайлы, Ниеттери жаман адамдардын ар кандай азгырыктарына алданбайлы,- деди жума намазына келишкен мекендештерибизге облустук казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Арпидин Жороев.

Бүгүнкү жума намазында  Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругуна ылайык, Бирма мамлекетиндеги Мьянмадагы тополоңдон каза болушкан рохинжа мусулмандарына арналып атайын куран окулуп, дуба кылынды.

Жалал-Абад шаарындагы “Имам Албухарий” мечитинде өткөрүлгөң бүгүнкү жума намазына 3000ден ашуун адам катышты. “Адам сатууга каршы 100 күн” акциясы Жалал-Абад облусунда 18-сентябраг чейин уланат.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: