Menu

Тазабек Икрамов, депутат: “Уруш-жаңжалы жок маселенин чечилип калганы чоң жетишкендик”

Бөлүшүү:

—Тазабек Икрамович, Кыргызстана Өзбекстандын президенти келди. Анын Кыргызстанга сапары көпчүлүк үчүн кутуүсуз болду. Өзбекстан президентинин биздин мамлекетке иш сапар жасоосунан Кыргызстан кандай утуштарга ээ болот?

—Негизи Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга келгени өзү жакшы нерсе болду. Өзбекстан менен Кыргызстандын алакасы СССР таркап, эки өлкө өз-өзүнчө мамлекет болгондон бери үзүлүп калган болчу. Мирзиеевдин келгени өтө жакшы Кыргыз бекеринен «алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деген эмес. Эки эл илгертеден алакасы жакшы болуп, соодасы бирдей жүрүп турган. Кылым карыткан ынтымагын тарых барактарынан эч ким өчүрө албайт. Буйруса, бүгүн дагы көптөн бери такталбай келген чек араларды тактап, документтерге кол коюшуптур. Эң бир туура кадамдар ташталды деп эсептеймин. Уруш-жаңжалы жок маселенин чечилип калганы чоң жетишкендик. Чек аралардан тоскоолдуксуз өтүп, эл озунун турмушунда кыйналбаса деген ой жалпы элдин дагы тилеги.

—Жаңы түзүлгөн өкмөт «чу» дегенде эле өзүнө өтө билимдүү адамдарды тарта баштады. 40 күндүн ичинде жыйынтык көрсөтөбүз деген убадага ишенсек болобу?

—Сапар Жумакадырович ушул убакытка чейин өзүнүн жаштыгына карабай чоң кызматтарда иштеп келди. Билимдүү жаштарга дагы орун берип кызматка дайындаш керек. Эл бизди ишенип шайлагандан кийин билимдүү адамдар иштейбиз деп келгенде каршы добуш берип койгондо туура эмес болуп калмак. Мыкты иш алып кетет деп колдоо көрсөттүк. Буйруса жакшы иштейт деп ишенгим келет.

—Центерра Кыргызстандын экологиясы үчүн 50 миллион доллар акча бөлүптүр. Бул чоң эле сумма болду деп эсептейсизби?

-Кумтөр абдан талаш-тартыш окуяларга тема болуп атат. Бул убакытка чейинки өкмөт башчыларынын баш оорусу болуп келгенин билебиз да. Азыркы өкмөт башчы келээри менен ушундай суммадагы акча болуп жатканы дагы чоң жетишкендик. Акчасын көп же аз деп айта албайм. Болгону, муну менен токтоп калбай төлөнчү акчаларды төлөтүш керек. Ансыз болбойт. Колдон келсе мамлекет баш оору кылбай өзү иштетсе жакшы болмок.

—Өзүңүз маданият жана спорт комитетинин мүчөсүсүз. Өткөн айда Казакстанда көк-бөрү боюнча Азия чемпионаты өтүп биздин улакчылар утулуп калышты. Анысы аз келгенсип дуу-дуу ушак да болуп сатылып кеткени боюнча айтышты. Бул боюнча федерация менен сүйлөшө алдыңызбы?

—Ар-намыс турган жерде сатылуу деген кыргыз жигиттери үчүн мүмкүн болбой турган нерсе. Ушунча адам карап, күйөрмандык кылса кыргыз жигиттери намысын сатпайт болчу. Бул болбогон ушак. Ушул окуяда казактаргаөздөрүнүн дубалы жардам берди деп ойлойм. Спорт дегендин табияты ушундай. Утасың, утуласың, медаль болот, болбой калат. Мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: