Menu

Муфтият Итагардагы кылмышка тиешебиз жок дешет

Бөлүшүү:

Аксы районундагы Итагар айылында молдолор менен жашоочулардын ортосунда чыр чыкты. Аталган окуя 4-сентябрда болгон. Айыл тургундары Баба-Ата мазарын оңдоого барганда, ал жердин убактылуу дайындалган шайыгы мазарга сыйынууга тыюу салган. Итагар айылындагы Баба-Ата мазары 19-кылымга таандык. Ал сыйынуучу жер катары белгилүү. Натыйжада айыл тургундары менен пикир келишпестик жаралып, айылдын молдосу жана белгисиз адамдар “шайыкка сөз тийгизбегиле” деп элди коркутуп, бир жаранды ур-томокко алышкан. Натыйжада жаңжалга милиция кызматкерлери аралашып, окуяны териштирүү иштери башталды. Муфтият Итагардагы чырга муфтияттын түзүмүндөгү дин кызматкерлеринин тиешеси жоктугун айтып билдирүү таратты. Бул тууралуу Кыргызстандын Дин башкармалыгынын (Муфтият) маалымат катчысы Максат Атабаев: «Муфтияттын түзүмүндө расмий имамдык буйрук менен иштеп жаткан болсо аны дин кызматкери деп атайбыз. Бирок жөн киши эле мүрзөгө же кабырдын жанына барып куран окуп, кызмат кылса, биз аны дин кызматкери деп айта албайбыз. Биздин аймактык имамдарыбыз элди ынтымакка чакырып, тартип коргоо органдары менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү», – деп билдирди.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: