“Кыргыз мамлекети Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү катары Мьянмада болгон окуяга көңүл буруусу керектигин Жогорку Кеңештин депутаттары көтөрүп чыкты. Бул туурасында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Мирлан Бакиров менен КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров айтып чыгышты. Ырасында, учурда интернеттеги социалдык түйүндөрдө Мьянмада жаш балдарга, карыларга зордук-зомбулук туурасындагы видео материалдар, сүрөттөр таратылып, чагымчылдык курчуп жаткан кез. Эске сала кетсек, Мьянмадагы кагылышуудан улам өлкөдөн качкандардын саны 73 миңге жеткен. Жаңжал ушул жылдын 25-августунда мамлекеттеги аскерлер менен рохинджа этникалык тобунун ортосунда чыккан. Кагылышуудан 400дөн ашык адам каза болгондугу айтылууда. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Мьянмадагы абалды тынчытуу жолу менен жонго салууга чакырган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ