Menu

Президент сөз кылып жаткан 7 миң коррупционер мыйзамдуу жазаларын алышса, анда алар түрмөлөргө батпай калмак

Бөлүшүү:

2017-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө президент А. Атамбаев: “акыры 6 жыл ичинде 7 миң коррупционерге кылмыш иши козголду” деп айтты. Бул факты чын болушун жокко чыгара албайбыз. Бирок, мунун “бирогу” бар. Күч органдары коррупционерлерге кылмыш ишин козгоо менен ошол эле прокурор, соттор кылмышкерлерлерден “алчусун алып” анан ишти жаап коюп жатпайбы? Башкача айтканда прокуратура, сот бийлиги өздөрү коррупциянын төрүндө отурушат. Эгер, президент айткан 7-миң коррупционердин кылмыштуу ишин прокурор сотко жеткизбей жаппаса, сот пара албаса анда сөз кылып жаткан 7 миң коррупционер мыйзамдуу жазаларын алышса, анда алар түрмөлөргө батпай калмак. Аларды батырыш үчүн Кыргызстанда 4 жаңы түрмө курулмак.

Тилекке каршы далай капчыктуу алкымы туткактарга антип кылмыш иштери козголгон менен, далайы эбин таап эч нерсе болбогондой эле жүрүшөт го? Негизи кылмышкер адам жазаланышы керек. Бул адамдык парасаттагы акыйкатын жазылбаган улуу эрежеси. Коомдуу коркунучтуу “илдеттерден” тазалоонун бирден-бир жолу. Бул туурасында бүгүн эле эмес, качанкы алмустактан бери айтылып келе жатат. 6-кылымдагы белгилүү мамлкеттик ишмер Умар ибн аль -Хаттабдын “жамандарга тийиштүү жазасын бербестик, жакшыларга кылынган зулумдук” же болбосо “ким кылмышкерге жаза бербесе ал анын жолдошу” деп чыкыйга тийгендей айтканы бар. Бул залкар ойлор минтип бир дем менен окулуп кеткени менен анын маанисин билгендер билгендей иш кылышса албетте дурус болмок. Ириде мамлекет үчүн.

Ал эми турмуш чындыгында Совет доорундагы түрмөлөрдө жандык мал уурдагандар, баңги зат саткандар, үй-бүлөлүк чатак кылгандар, зөөкүрлүк кылып бирөөлөргө зыян келтиргендер, тоок уурдап алып тоголонуп кеткендер, дагы башка бей күнөөлүү бир бечералар жатканы белгилүү.

Булак: “Айгай-пресс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: