Menu

Азимбек Бекназаров, төңкөрүшчү: “Атамбаев досум, сен аракка тоюп, ууланып алганыңда да мен “бирөөлөр уулантып койду” деп элге калп айткам

Бөлүшүү:

“Атамбаев досум, кээде досчулуктун кызыкчылыгы үчүн, кээде элдин жердин кызыкчылыгы үчүн айрым учурда калп айтса кудай аны күнөөлөбөйт”, – деп билдирди кечээ, 8-сентябрда өткөн маалымат жыйынында төңкөрүшчү Азимбек Бекназаров .

“Мен да убагында керек болсо сенин кызыкчылыгың үчүн, досумдун кызыкчылыгы үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн арака тоюп ууланып алганыңда “муну бирөөлөр окутуп уулантып койду” деп элге калп айткам. Эсиңен чыгып кеттиби? Бул да калппы? Мен “уулантты” деп айттым, бирок “окутуп уулантты!” дедим. Бул калпычылык болбойт. Бул досчулук болот. Бири-бирибиздин ошондоюбузду бекитип, элге уят болбойлу, кыргыздар дүйнө жүзүнө уят болбойлу деген нерседен кээде калп айтылат”, – деди Азимбек Бекназаров.

Эсиңиздерге сала кетсек, бийлик күбө катары Текебаевдин сотуна чакырылган Бекназаров айыпталуучу Өмүрбек Текебаевдин пайдасы үчүн жалган көрсөтмө берген деген доомат менен Азимбек Бекназаровго каршы кылмыш ишин козгогон. Ага себеп болуп Ташиев менен Бекназаровдун сүйлөшкөн сөздөрүн жашыруун жазып алган аудиотасма болгон.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: