Menu

Фото – Ноокен районундагы Шамалды-Сай чек ара заставасынын курулушуна капсула салынды

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Достук айыл аймагындагы Шамалды-Сай чек ара заставасынын курулушуна капсула салуу иш-чарасы болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында КРнын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров, КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Россия Федерациясынын “345 механикалык завод” ААКсынын генералдык директорунун орун басары Юрий Шаврин жана Достук айылынын аксакалдары катышты.

—   Быйылкы жылы Кыргызстанда 4 чек ара заставалары курулуп жатат. Ала-Бука районунда чек арачыларга көп кабаттуу батирдин курулушу жүрүүдө. Мамлекет башчысы тарабынан мамлекеттик чек ара кызматында өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарып жаткандардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана аларга социалдык колдоолорду көргөзүү боюнча бир катар даректүү иштер аткарылып жатат. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара тилкелеринин 85 пайызы такталды,- деди КРнын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров.

—  Акыркы жылдары 500дөн ашуун чек ара кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү батирлүү болушту. Азыркы мезгилде Лейлек, Ала-Бука, Талас, Нарын жана Чүй чек ара заставаларынын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу турак-жайлар курулуп жатат. Мамлекеттик чек ара заставаларынын материалдык-техникалык базаларын чыңдоо жана чек ара кызматында иштеп жаткандардын турмуш-шарттарын жакшыртуу жагдайлары мындан ары дагы күчөтүлөт. Бүгүнкү иш-чара мунун айкын көрүнүшү,- деди КРныын мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев.

Шамалды-Сай чек ара заставасынын курулушунун заказчиги РФнын ФГКУ Россия чек ара курулуш ишканасы болуп саналат.

Шамалды-Сай чек ара заставасынын курулушунун капсула салуу иш чарасынын катышуучуларына Россия Федерациясынын Москва областынын Балашиха шаарындагы “345 механикалык завод” ААКсынын генералдык директорунун орун басары  Юрий Шаврин курулуш ишинин долбоору туурасында кеңири маалымат берди. Чек ара заставасынын курулуш иштерин Кыргызстан менен Россиянын куруучулары биргеликте алып барышат. Чек ара заставасынын долбооруна ылайык эки кабаттуу 2 жана 1 бөлмөлүү батирлер кошо курулат. Чек ара заставасынын курулушуна кетүүчү бардык курулуш материалдары Россия тарабынан камсыздалат. Юрий Шаврин Шамалды-Сай чек ара заставасынын курулушу үч жарым ай аралыгында толук бүткөрүлүп, жыл аягына чейин ишке тапшырылаарын  белгилеп кетти.

КРнын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров баштаган жетекчилер жана Достук айылынын аксакалдары Шамалды-Сай заставасынын курулушунун пайдубалына капсула салышып, курулуш ишин баштап беришти.

Шамалды-Сай чек ара заставасынын курулушун Ош шаарындагы Азат Хабибулин жетектеген “Дельта-Лот” ЖЧКсынын куруучулары жүргүзүп жатышат.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: