Menu

Видео – Бишкектин мал базарынын базаркому сатуучуну “бул базар чүйлүктөр үчүн, а сен өзүңүн Ошуңа кет!” деп кемсинткен

Бөлүшүү:

Редакцияга Нурбек аттуу жаран жөнөткөн:

“Бишкектин мал базарында өзүн Жума Тыналиев деп тааныштырган базарком коён сатып олтурган сатуучудан ээлеген орду үчүн акча талап кылып жатканына күбө болуп калдым. Сатуучу ээлеген орду үчүн акча төлөгөнүн айтты. Анда базарком дароо ветврач боло калып, кайсы бир справка үчүн 20 сом талап кыла баштады. Мен 20 сом эмне үчүн керек экенин такып сурадым. Коёндун дени сак деген справка  деди.

Анда мен: “Сиз жөн эле жерден элди тоноп жатасыз! Эмне үчүн сиз коёндорду текшербей туруп эле акча талап кылып жатасыз, демек справканы сиз сатат турбайсызбы?” дедим. Ал ачууланып: “Силердин Ошто текшерип туруп анан справка берет, а бизде болсо кааласаң да каалабасаң да төлөшүң керек” деди. Мен элди бөлбөңүз, биз баарыбыз кыргызбыз деп сурандым. Ал болсо мени уят сөздөр менен тилдей баштаганынан мен телефонумдагы видеокамерам менен аны тарта баштадым. Ал камерага карап туруп, мени базардан чыгып кет деп талап кылып кирди жана кайрадан уят сөздөр менен тилдей баштады. “Бул базар чүйлүктөр үчүн, а сен өзүңүн Ошуңа кет!” деди да мени дарбазаны көздөй түртүп салды.  Мен базар коомдук жай экенин эске салып, мени базардан чыгарганга акыңыз жок дедим. Анда ал мага карата күч колдонуп базардан чыгарып салды. Кайра келип мени өзүнүн кабинетине сүйрөп киргенге аракет кылды бирок колунан келбеди.@

https://www.youtube.com/watch?time_continue=42&v=0YRIVB0bBVU

Булак: Kaktus media

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: